• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбордук бажы кызматкерлери товарларды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын кызматкерлери товарларды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 6-мартында бажы мыйзамдарын бузууну жоюу жана алдын алууга багытталган текшерүү чараларын жүргүзүүдө КР Өкмөтүнө караштуу МБКнын Борбордук бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери “И.Т.” ЖЧКсы тарабынан КЭРден алынып келип, жооптуу сактоого жайгаштырылган товарларды мыйзамсыз колдонуу фактысын аныктаган.

Бул компаниянын аткаруучу директору С.А.Т. бул товарды көзөмөлдөгөн бажы органынын уруксатысыз тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, 1 253 343 сом өлчөмүндөгү товар – өрдөктүн этин мыйзамсыз иштеткен.

Бул факт боюнча чогултулган баштапкы процессуалдык документтер КР Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кылмыш ишин козгоо маселесин андан аркы кароого жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий