• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө айыл өкмөттүн мурдагы кызматкери алдоо жолу менен жер сатып жиберген

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Чүй облусунда Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери Д.А. жасалма документ менен 4 миң долларга жер сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында Д.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранып, ал 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4 миң доллар алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрда кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1970-жылы туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий