• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандан өзгөчө ири өлчөмдө тамекини мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Өзбекстандан өзгөчө ири өлчөмдө тамекини мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, “Достук унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды.

Белгиленгендей, аталган постто эки жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүү учурунда “Platinum” үлгүсүндөгү 1 млн 529 миң 500 куту тамеки табылкан. Болжол менен тамекинин баасы 80 млн сомдон ашат. Ошол эле учурда товарлар бажы шартында зыгыр буласынан жасалган жип деп жасалма түрдө декларацияланган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды, жүктүн чыныгы ээлерин жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий