• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 12 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жүзүн таануу камерасы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Россия Федерациясында ден соолукка атайылап оор залал келтирүү беренеси боюнча 2012-жылдан бери издөөдө жүргөн.

“Шектүү 3-мартта коомдук жайларда жүзүн таануу камераларынын жардамы менен кармалган”, - деп кошумчалашты ведомствонун маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий