• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек Жылуулук электр борборунун иши 30-40 күнгө токтотулат

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Толук кандуу оңдоо ишин жүргүзүү үчүн Бишкек Жылуулук электр борборунун жана жылуулук тармактарынын ишин токтотуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, эгер былтыркы жылы май-июнь айларында өчүрүлгөн болсо, быйыл жылуулук борборлорунун ишин 30-40 күнгө өчүрүү каралууда, бул иштин көлөмүнө жараша болот.

"Оңдоо иштеринин графиги кийинчерээк белгилүү болот жана керектөөчүлөргө кошумча маалымат берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий