• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакашова баштапкы кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча тегерек столго катышты

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова баштапкы кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары окуу программасын заманбап рыноктун талаптарына дал келтирүү зарылдыгын белгиледи жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерин туруктуу өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген актуалдуу маселелерди бөлүп көрсөттү.

«Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген социалдык өнөктөштүктүн жаңы күчтөндүрүлгөн модели зарыл, анда жумуш берүүчүлөр кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп калат. Ал үчүн билим берүү мекемелери гана эмес, жергиликтүү бийлик органдары да жумушсуздук, ички жана тышкы миграция деңгээлинин көрсөткүчүнө талдоо жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча эмгек рыногунун талаптарына жараша механизмдерди иштеп чыгып, баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери менен биргеликте үзгүлтүксүз негизде иш жүргүзүүсү керек», - деди ал.

Белгилесек, кесиптик лицейлердин базасында продуктуларды чыгаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча толук өндүрүштүк циклдерди түзүү аркылуу компаниялар лицейлердин ресурсун пайдалануу менен өз продуктусун өндүрүү боюнча лицейлер менен кызматташат, өз учурунда билим берүү мекемелери бизнестен колдоо алат.

Талкуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова белгилегендей, инновациянын негизги максаты кесиптик лицейлерди каржылоонун жаңы моделин түзүү болуп саналат, натыйжада алар финансылык көзкарандысыздыкка ээ болот.

Анын сунушу боюнча, 31 ченемдик-укуктук актыны жана уюштуруу-бөлүштүрүүчү документтерди ревизиялоо үчүн коомдук жана эл аралык уюмдардын, бизнес-түзүм өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлөт.

Белгилесек, Кыргыз Республикасында 99 кесиптик лицей иш алып барат, анда болжол менен 32,2 миң адам билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий