• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жараны сиңдисинин паспорту менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрь күнү "Манас" көзөмөл өткөрмө жайында чоочун паспорт менен өлкөгө чыгууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча учуп келген жарандар паспорт көзөмөлүн өтүп жатканда Кыргызстандын жараны, 23 жаштагы С. кызы А. аттуу КР жаранына таандык паспортту көрсөткөн.

Бирок, чек арачы паспорттогу сүрөт менен аны көрсөткөн кыз эки башка экенин байкаган.

Сурак учурунда ал кыз, Түркиядан чыгыш үчүн өзүнүн сиңдисинин паспортун колдонгонун айткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий