• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Ала-Арча суусунун агымы туруктуу

Коом 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Ала-Арча суусунун агымы туруктуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жеринде "Тазалык" ишканасынан 3 техника жана 38 кызматкер, "Бишкекжашылчарба" ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, Малдыбаев көчөсү, Ала-Арча суусунун жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми мечиттин аянтын тазалоо үчүн ӨКМден 1 жүк ташуучу унаа, "Бишкексуучарбасынан" жүктөгүч, экскаватор, "Бишкекжашылчарба" ишканасынан экскаватор, бир самосвал, камАЗ жана 12 кызматкер тартылып, иш алып барууда.

Эскерте кетсек, күн мурун, 15-декабрда Бишкектин Малдыбаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча суусунун нугу музга толуп калгандыктан суу ашып, көчөлөрдү, мечиттин жана унаа сатуучу жайдын короосун кар аралаш суу каптаган. Кечээтен бери жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тиешелүү кызматтардан техника тартылып, абалды жөнгө салуу жумушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий