• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Москва энергетикалык институту" университетине Кыргызстандын "Даңк" медалы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Кыргызстадын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат"Москва энергетикалык институту" илимий-изилдөө университетинин эмгек жамаатына "Даңк" медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Маалыматка ылайык, сыйлык КР президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" берилди.

Азыркы учурда "Москва энергетикалык институту" илимий-изилдөө университети менен Кыргызстандын бир катар ЖОЖдорунун ортосунда инженердик адистерди окутуу жана даярдоо, адистердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоодон өткөрүү, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана энергетика жана башка бул багыттагы тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча активдүү кызматташуу уланууда. Университетте Кыргыз Республикасынан келген окутуучулар да кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашырып келет.

ЕЭК коллегиясына Кыргызстандын атынан мүчөлүк кылган (министрлер) Арзыбек Кожошев жана Макчат Мамытканов дагы атынан мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземине катышты.

Маалымат үчүн: "Москва энергетикалык институту" илимий-изилдөө университети тарабынан билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жылдарында КР энергетика тармагы үчүн жүздөгөн жогорку квалификациялуу адистер даярдалган, алар Советтик Кыргызстандын эң маанилуу курулуштарында иштешкен. Ал эми суверендуу Кыргызстанда: Нарын дарыясына гидроэлектростанция каскады курулуп, жогорку вольттуу электр линиялары тартылып, Бишкек жана Ош шаарларында жылуулук электрстанциялары, региондордо чакан ГЭСтер курулган.

Пикир

Оставить комментарий