• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Эртең, 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 21...26,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27

Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий