• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте улуттук каада-салтты сактоого арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бишкектеги борбордук китепканада "Улуттук баалуулук - улуттун тамыры" аталышындагы улуттук каада-салтты сактоого арналган иш-чара өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, китепканачылар тарабынан уюштурулган маданий кечеде «Манас» эпосу, кыргыз бийи, ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен коштолду.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, белгилүү манасчы-жазуучу Темирбек Токтогазиев, республикалык "Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов, жазуучу, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гаарба Орозматов, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун манасчылар кафедрасынын доценти Бакытжан Мырзатаев катышты.

Иш-чара президенттин "2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий