• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Панфилов көчөсүндө жаңы тротуар курулууда

Коом 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Панфилов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эки тараптагы тротуарды оңдоо пландалууда.

Учурда эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле жугуштуу оорулар ооруканасынан Панфилов көчөсүнө чейин тротуардын бордюрлары орнотулду. Көчөнүн участокторунда тынымсыз иштер жүрүп жатат.

Белгиленгендей, бригадалар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, тротуарлардын курулушун күз-кыш мезгили келгенге чейин аяктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий