• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин делегациясын жетектеген Европа Комиссиясынын INTPA C (Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан региону боюнча эл аралык кызматташтык) директору Петерис Устубс менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спутник байланышын өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий