• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаев бир жылдан кийин жатак колониясына которулушу мүмкүн – Жазаларды аткаруу кызматы

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев бир жылдан кийин жатак колониясына которулушу мүмкүн. Которуу жөнүндө сунуш кылуу мөөнөтү 2020-жыл 10-февралында аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн Жазаларды аткаруу кызматынын атайын комиссиясынын чечими болушу керек.

Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Термечиков белгилегендей, жаңы мыйзамдарга ылайык, түзөтүү колонияларынын жетекчиси камалгандардын кылмыш ишин карап чыгуу боюнча сотко сунуш жөнөтүшү керек.

"Азыр 3 миңден ашык сунуш даярдалып жатат. Бирок азырынча жыйынтыктар жок. Текебаевге карата мурдагы Кылмыш процессуалдык кодекс күчүндө калат. Анткени, ага карата кылмыш иши 2019-жылдын 1-январына чейин козголгон", - деди Термечиков.

Пикир

Оставить комментарий