• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5-7-декабрга карата аба ырайы: Суук болуп, жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 04.12.17. /Кабар/. Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, 5-6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда туман түшүшү мүмкүн. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.

5-6-декабрдан республиканын айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чү, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туман болушу күтүлөт.

Чүй облусунда алдыңкы күндөрү абанын температурасы -6...-9, күндүз -1...-3 градуска чейин суук болушу мүмкүн.

Талас жана Нарын облусунда түнкүсүн -14 градуска чейин суук, ал эми түнкүсүн 0...-6. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...-3.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-3 градус болот.

7-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий