• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан бардык өлкөлөр менен достук мамилени өнүктүрүүгө чоң маани берет – Алмазбек Атамбаев

Саясат 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. “Кыргызстан сиздердин өлкөлөрүңүздөр менен достук мамилени өнүктүрүүгө чоң маани берет”,-деди Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ага ишеним грамоталарын тапшырган элчилерге.

Президент Кыргызстан бардык өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. “Кыргызстан Афганистан менен кызматташуу үчүн дайыма ачык. Биз Афганистандагы кырдаалды турукташтырууга жана анын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына багытталган дүйнөлүк коомчулуктун күчүн колдойбуз”,-деди А.Атамбаев.

Индия тууралуу айтып жатып, Президент Индия менен кызматташуу КРнын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. “Акыркы жылдары кыргыз-индия мамилелери сезилерлик бекемделип жатат. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык активдештирилди”,-деди ал.

“Кыргыз-латвия кызматташтыгы ишке ашпаган мүмкүнчүлүккө ээ. Биз соода-экономикалык, билим берүү жана маданият жаатында аракеттерди иш жүзүнө ашыруу үчүн бардык күчтөрдү жумшашыбыз керек”,-деди мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан африка континенти Кыргызстан үчүн маанилүү аймак болуп саналат. “Бул жаатта мындан дагы активдүү кызматташууга даяр экенибизди билдирем”,-деди Президент.

Андан ары өлкө башчы Кыргызстан Эфиопия менен кызматташуунун бардык чөйрөсүндө тыкыс байланыш түзүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий