• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Калиевдин унаасын саткан ишкер суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдүн сурак берүүсү уланууда. Суракка автоунааларды алып-саткан жеке ишкер Чыңгыз Чулуев чакырылган. Анын айтымында, унааны ага Айбек Калиев 2018-жылы январь айында көрсөтүп, Чулуев ал унааны сатууга жардам берген. Ал белгилегендей, унаанын техникалык абалы орточо болгон.

"Тойота Лэнд Крузерди бир айдын ичинде 23 миң 800 долларга сатып, акчасын дароо бергем. Аны сатып алган аял күйөөсү менен болгон. Ал убакта алар кымбат турган. Ал унаа 10 миң долларга сатып алынды дегенин билбейм. Болгону арзаныраак деп уккам", - деди ал.

Ал билдиргендей, унаанын сырты урулган болгон, салону булгаары эмес, велюр, көлөмү 2,7 литр болгон. Анын айтымында, бул көлөмдөгү унаа анча бааланбайт.

"Мен аны сатууга даярдадым – химиялык тазалоо жасаттырдым, сырдап, анан саттым. Калиев анын убактысы болбогондуктан унааны мага каттатууну суранды. Жалпысынан баардык даярдыкка 100 долларга жакын каражат кеткен", - деди Чулуев.

Ал эми Айбек Калиев нааразы болуп, мурда ага 2 миң доллар деп айтылганын, эмнеге 100 доллар кетти деп жатканын сурады. Чулуев 100 доллардан ашык эмес акча кеткенин айтты.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий