• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары баңги тобун кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Баңги топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан баңгизатын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, чек арадан өткөн баңгиканалдардын ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 26-мартында КР УКМК кызматкерлери Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте Өзбекстандын 5,350 кг гашиш баңгизатын сатып алуу жана андан нары бөлүштүрүү учурунда Өзбекстандын Анжиян шаарынан төмөнкү жарандар кармалды: 1993-жылы туулган С.С.М., 1994-жылы туулган Н.Д.Д., 2003-жылы туулган Т.С.Б., 1995-жылы туулган У.М.К.

Атайын операциянын натыйжасында баңгизаттарды таратуу боюнча туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жогоруда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттери токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий