• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер астындагы чоң дарыялар, коркунучтуу дөөлөр. Баткендеги көп сырдуу Канигут үнкүрү

Аймак 0

Канигут (Барса-Келбес) үңкүрү Баткендеги Самаркандек айылынын батыш тарабында 18 чакырым алыскы аралыкта жайгашкан Кыргызстандагы эң узун жана толук изилденип бүтө элек географиялык объект.

Бул үңкүр изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, өтө байыркы табигый үңкүр болуп эсептелет. Тарыхчылардын баяндоосу боюнча бул үңкүрдө жергиликтүү кен казуучулар тарабынан пайдалуу кен байлыктарды казып алуу кул ээлөөчүлүк мезгилинде биздин эранын III-V кылымдарында иштетиле баштаган.

Үңкүрдүн тарыхы Орто Азиянын тарыхы менен тыгыз байланышкан. Күмүш жана башка полиметаллдарды казып алуу борбору катары бул үңкүр IX-XI кылымдарда белгилүү байлык кени катары атагы дүркүрөп чыккан. Ушул кылымдарда бул кен байлыктарын өнөр жай ыкмасы менен казып алуу (шахталарды куруу, штрек жана штольныйларды куруу) башталган.

Кенди оңой ыкмалар менен казып алуу аркылуу кенди чыгарып алгандан кийин бул үңкүр калтырылган. Натыйжада жер астында кен чыгарып алгандан кийин үрөй учурган укмуш лабиринттери бар, чон галереялары бар көңдөй калтырылган. Ошонун натыйжасында бул жердикти “Канигут” (араб. перс. -өлүм кени (Рудник погибели) деп бекеринен аташкан эмес.

Канигут жөнүндө алгачкы маалыматтар Абу Али ибн Синанын (Авиценна, 980-1037) эмгектеринде келтирилген. Ал жазган эмгекте: "Буларды басып алуу оңой-олтоң болбош үчүн акылмандар бардык алтындарды жана кымбат баалуу жасалгаларды дүйнөнүн ар кандай жерлеринде жашырып коюшкан. Мисалы, Мавераннахр өлкөсүндө Исфара шаарынын батыш тарабында Гут аталышында жер жайгашкан. Акылмандар ал жерге кен байлыктарды каргыш менен сыйкырлап катып салышкан", – деп жазылган.

Ошого байланыштуу Канигут жөнүндө ар кандай уламыштарда айтылган жер астында катылган алтын жана баалуу жасалгаларды таап алуу максатында бул үңкүргө ар тараптан кызыгуулар жаралып турган.

Үңкүргө түшүп чыккан адамдар жер бетине чыкканда ар түрдүү версияда укмуштарды айтып чыгышкан. Көздөрү берметтен кооздолгон төө уктап жаткандыгы, жашыл дарактар, күмүштөн жасалган дубалдар, алтындарды коруп жаткан коркунучтуу дөөлөр, жер астында чоң дарыялар, берметтей көлдөр жөнүндө укмуш кооз мистикалык легендалар айтылып келген. Бул уламыштар ар коомдо бул объектиге болгон кызыгууну арттырып турган.

Бул жерден пайда табуу максатында Кокон хандыгы да бийликке каршы чыккандарды жана соттолгондорду ушул жерге алып келишип, ушул үңкүрдөн ошол байлыктарды таап чыгууну талап кылышып камап салышкан.

Үңкүргө орус падышалыгы мезгилинде да кызыгуулар болгон.

1918-жылдары 28 жаштагы бул үңкүргө көптөгөн жолу түшүп-чыккан геолог-окумуштуу, географ жана жазуучу П.С.Назаров өз сөзүндө минтип жазат: “Бул үңкүрдө көп убакыт болуу кандайдыр бир таң калыштуу сезимдерди пайда кылат, үңкүрдөн чыккан адам куп-куу болуп чыгышат.”

П.С.Назаров ар эки күндө эки жолудан түшүп чыгып турган.

Анын өз айтуусу боюнча: “Бул үңкүр укмуш бир ракурстарга толтура. Баратканда жер астындагы жарга туш келесиң, укмуш чоң залдар жана камералар, чуңкур кудуктар, ар бир жолдон лабиринттер утурлап учурап, акырында жер астындагы дайрага алып келет. Бул жерде аба таза, салкын дайыма согуп турат, укмуш тунук таза суу булактары бар. Бирок булардын баарын басып өтүү үчүн тайгак, кууш, жер астындагы караңгы жарлар, магнийдин учкунунан пайда болгон шайтандай чагылуулар, ары тар, кууш, өрмөлөп эмес курсак менен жылып өтүүгө туура келген өтмөктөрдү басып өтүү үчүн бекем нерв талап кылынат", - деп жазып калтырган. Ал 1918-1924-жылдары Түркестанда жашап турган.

Самаркандек айылынан да маркум Жолдошов Гыяз аксакал 1953-жылдары советтик геологдор менен бирге иштеп, тушүп жүргөнүн азыркы тургундар айтып келишет.

Ал кишинин айтуусу боюнча, үңкүргө жип менен түшүп жүрүшкөн. Ар бир жолдо 3-4 жакка кетип жаткан жолдор болгон. Жип менен түшпөсөң адашасың. Капкараңгы жарларга туш келесин, секирип аркы бетке өткөндөн кийин берки бетке секирип чыга албай каласың, себеби бийик болуп калат. Жер астында чоң дарыя бар, анын астында адамдардын сөөк скелеттерин көрүүгө болот.

Уламыш боюнча бир адамдын атайын жасалган таягы түшүп кетип, ал таяк кийин мурдагы Ленинабад (азыркы Кожент) шаарынын айланасында жайгашкан Вала-Кандоз айылынан чыккандыгын айтышат.

Үч күндөп жер астында жүрүп үңкүрдүн акырына жетпегенин айтышкан жери бар.

Кыскасы бул үңкүрдө ачыла элек көптөгөн сырлар катылуу турат.

Самаркандек айылынын жергиликтүү тарыхчысы, Мадыген геопаркынын мүчөсү Орозов Насириддин

Пикир

Оставить комментарий