• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Өчпөс отту жандыруу аземи өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 07.05.23./Кабар/. Бишкекте бүгүн "Баатырлар аллеясы" мемориалдык паркында Өчпөс отту жандыруу аземи өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында өтүп, өчпөс оттун бөлүкчөсү Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигинен алып келинген.

Акцияга Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы, аскер кызматынын ардагерлери, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери, Кыргызстандагы Роскызматташтыктын, Россия Федерациясынын аскердик-дипломаттык корпусунун, волонтердук жана издөө кыймылдарынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.

Акциянын максаты — өсүп келе жаткан жаш муунду аскердик-атуулдук багытта тарбиялоо жана кыргызстандыктардын эрдиктерин эскерүү болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин «Эскерүү оту» эл аралык акциясы Ош шаарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий