• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Талас» аэропортунун аэродромунда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. «Талас» аэропортунун аэродромунда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Кыргызавтожолу» мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайларга асфальт төшөлөт. «Учурда чуңкур кесүү иштери аяктап калды. Жакында аң-чөнөгүн жамоо иштери башталат», - деп билдиришти мекемеден.

Аткарылып жаткан иш-чаралар транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин көзөмөлүндө экендиги айтылды.


• Белгилей кетсек, президенттин демилгеси менен Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар белгиленген.

«Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет, «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтеринин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий