• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин Жеңиш конушунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Жеңиш конушунда суу өчүрүлөт, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 15-февралда саат 9:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушунда турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу "Жеңиш" суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды сурайт.

Пикир

Оставить комментарий