• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ветеринар студенттер үчүн жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга окутуу сабагы киргизилди

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Ветеринар студенттер үчүн жаңы – “Жаныбарлардын саламаттыгы жана биоэтика” деген сабак киргизилди. Бул тууралуу КУАУнун ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринардык илимдердин доктору, профессор Бекболсун Акназаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин студенттери үчүн жаңы – “Жаныбарлардын саламаттыгы жана биоэтика” сабагы киргизилген.

“Сабактын башкы максаты – студенттерди жаныбарларга гумандуу мамиле кылуунун негиздери менен тааныштыруу. КУАУда бул сабак бир семестр бою 3-курста окутулат. Учурда окуу китептерин чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди Б.Акназаров.

“Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун адиси Жолдошбек Касымбеков мындай дисциплина башка, айрыкча, европалык өлкөлөрдө өтүлөрүн белгиледи.

“Ал жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга жол бербөө, жаныбарлардын ээлеринин алардын саламаттыгы үчүн моралдык жоопкерчилигин сездирүү принциптеринде түзүлгөн. Айрым өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө жаныбарларды уруу, коркутуу, жабыркатуу, денесине залал келтирүү, алар менен мушташтарды чыгарууга тыюу салынган. Бул ченемдерди сактабагандар кылмыш же административдик жоопко тартылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий