• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ тарабынан республикалык рейддин жыйынтыгында ок-дарылар жана 3 мылтык алынды

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Ички иштер министрлиги кечээ өлкө боюнча рейддик иш-чараларды жүргүздү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ала-Бука райондорунун жергиликтүү жашоочуларынан 2 мылтык алынды. 26 жаштагы А.А.га тиешелүү болгон “ИЖ 58” мылтыгынын да, 42 жаштагы К.Ш.га тиешелүү 16 калибрлүү аңчылык мылтыгынын дагы уруксат кылынган документи болгон эмес. Ошондой эле, Талас облусунда 46 жаштагы жергиликтүү жашоочу Р.О.дон сакталып жүргөн ок-дарылар - 5,45 калибрлүү 10 патрон, 7,62 калибрлүү 8 патрон, андан тышкары “МЦ 12” куралы алынган.

Алынган куралдар лицензияланган-уруксат кылынган иштер боюнча аймактык бөлүмгө өткөрүлүп берилдию тергөө органы бардык материалдарды карап чыккандан кийин тиешелүү юридикалык баа берет.

Пикир

Оставить комментарий