• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ башчысы Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Министрдин кайрылуусу:

"Урматтуу кесиптештер!

Кадырлуу афган согушунун ардагерлери!

Кезинде мектепти жаңы аяктаган 18 жаштагы жаш уландарыбызга Советтик Армиянын катарында аскердик кызматты Афганистанда өтөө милдети жүктөлгөн. Дүйнөгө улуу держава катары таанылган СССРдин курамындагы башка өлкөлөрдүн элдерине да дал ушундай зор жоопкерчилик артылган.

Анын тарыхын биздин муун жана кан күйгөн афган согушунун сиздердей катышуучулары – бүгүнкү ардагерлер гана түшүнөт.

Тарых барагына кайрылсак, мындан 35 жыл илгери СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун “Термез” чек ара постунда: “Менин артымда бир дагы советтик жоокер, офицер, прапорщик жок. Бул жердеги тогуз жылдык согуш аяктады!”, - дегени эсибизде.

Тогуз жылдан ашуун созулган согушта интернационалист-жоокерлер арасында миңдеген кыргызстандыктар бар эле. Алардын катарын сиздер да толуктадыңыздар.

Бул согушка 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1500ү жарадар болсо, 4 жоокердин дайыны чыкпай калды. Майдан талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн 247 мекендешибиз СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен сыйланган. Бул сандар жөнөкөй сандар эмес, ар бир сан ар бир мекендешибиздин тагдыры жана тарыхы!

Урматтуу ардагерлер!

Советтик Армияда кызмат өтөп, майдан талаасында кыргыздын кырчындай жаш жигиттери эбегейсиз эрдик, баатырдык менен салгылашып, антка бекемдигин, патриоттуулугун, тайманбастыгын таасын көрсөтүшкөн.

Жоокерлеринин бул каармандыгы – Мекенди коргоочуларыбыз, жаштарыбыз үчүн өз милдетине так жана аскердик антка бекем туруунун үлгүсү!

Ошондогу кырчындай жаш жигиттер бүгүнкү эгемен Кыргыз Мамлекетинин өнүгүүсүнө, тынчтыкты бекемдөөгө мол тажрыйбаңарды жумшап, мекенчилдик менен өз салымыңарды ар дайым кошуп келесиздер. Канча мезгил өтсө да сиздердин бул каармандык, баатырдык кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат!

Кыргызстаныбыз өнүгүүгө өрүш алып, элибиз аман, жергебиз тынч болсун".

Пикир

Оставить комментарий