• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мелис Турганбаев: "Бул окуялардын болуп кетишине Тажикстан тараптын күнөөсү чоң"

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Акыркы учурдагы Баткенде чек арада болуп өткөн каргашалуу окуялар баарыбызды түйшөлтүп, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн оорутуп, ар бирибиздин көкүрөгүбүздү өйүтүп турат. Албетте, бул окуялардын болуп кетишине Тажикстан тараптын күнөөсү чоң.

Кыргыз элинин бир кездеги жакшылыгын унутуп, ыйык рамазан айында тынч жаткан элге ок атып, мыйзамсыз аракетке барды. Бирок даанышман айкөл элибиз тажик тарапка өчөшүп кан төгүүдөн алыс болду. Бул аң-сезимдүү адамдардын, түпкүлүктүү элдин кадамы. Жоокердик руху күчтүү элибиз учурда канчалык каны кайнап турса да, бир колунун ачуусун бир колу менен басып, ынтымагын, айкөлдүгүн көрсөтүүдө. Мен элиме, өзгөчө жаштарга ыраазылыгымды билдирем. Бул, менимче, туура кадам.

Кыргызстандыктар азыр бир муштумга түйүлүп, бир желектин астында, бир мамлекет башчысынын тегерегинде биригүүсү зарыл. Учурда биздин негизги милдетибиз жана максатыбыз ошол болуусу керек. Биз кыргыз бийлигин канча сындабайы, канчалык бир- бирибизге ишенбестикигибизди билдирбейли, бир кайыктабыз. Мекенибиз бир. Азыр Президент, Өкмөт, күч структуралары да болгон аракетин жумшап, күнү-түнү иш алып барууда. Аларга биз да көмөктөшөлү.

Кыргыз, тажик - бир тууган эл. Тажикстанда азыркы мезгилде президент Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылгандар болуп, ар түрдүү пикирлер жаралууда. Ылайым эки эл тынчтыкта жашасын. Ортодо от жанбасын. Абал турукташкандан кийин Өлкө башчыбыз бул окуянын чыгып кетишине, алдын алуучу иштерден калпыстык кетишине ким күнөөлүү экенин анализдеп, териштирет деген тилектебиз.

Тажикстандын аракетине да саясий-укуктук баа берилер.

Дагы белгилей кетүүчү жагдай, канча жылдан бери Баткенге өзгөчө статус берүү керектиги айтылып келүүдө, бирок, ишке ашырылбайт. Бул маселе өтө маанилүү экенин учурдагы окуя дагы бир жолу тастыктады. Жакынкы аралыкта Баткенге, деги эле чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө статус берилип, ар түрдүү жеңилдиктер каралышы кажет. Бир кездерде дал ушундай айылда жашагандарга жашын, кулк-мүнөзүн, аскердик даярдыгын карап, кооптуу учурларда чек арачыларга көмөк көрсөтүү үчүн мыйзамдуу курал-жарак берилүү маселеси каралган. Деги эле, бул нерсе дүйнөлүк практикада бар. Ушул жагын да карап көрсөк болот.

Ал эми чек арада каза болгондордун үй-бүлөсүнө өтө оор болуп турат. Биз аларга кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз жана сабыр тилейбиз.

Пикир

Оставить комментарий