• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милициянын сержанты ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Ири өлчөмдөгү баңгизаты менен милиция кызматкери кармалгандыгын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин жетекчилигинин көрсөтмөсүнүн негизинде 11-февралда Бишкек шаарынан ИИО кызматкерлеринин аброюна терс таасирин тийгизген жана ар-намысына шек келтирген милиция кызматкерлерин аныктоо максатында атайын иш-чара жүргүзүлдү.

Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган А уулу Т, К. Б., Ж.Ы, Б уулу С. тинтүү жүргүзүүдө алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү "гашиш" баңги каражаттары алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын биринин жанында Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул күзөтү полкунун милиционери кызматында экендигин тастыктаган милициянын сержанты наамындагы күбөлүгү алынган.

Кармалган А уулу Т., Ж.Ы. соттун санкциясына ылайык, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын 21-мекемесине киргизилген.

Азыркы учурда ИИМ БМЖКК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө аралашкан бардык адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий