• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жактоочунун жардамчысы Б.А.М. 1-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында кармалды.

"Буга чейин УКМКнын дарегине А.Б.Э. аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, кармалган адам сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий