• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Мира Карыбаева эч кимге кысым көрсөткөн эмес – күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Музейдин реконструкциясы боюнча иште кошумча күбө катары дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Заирбек Эргешов чакырылган.

Анын айтымында, Мира Карыбаева (КР президентинин жарандык өнүгүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы) кесиптештерине же башка адамдарга начар мамиле кылганын же басым кылганын көргөн эмес. Ал баарына сый мамиле кылып, ашыкча эч нерсе жасачу эмес. Ал билдиргендей, Карыбаева бирөөлөргө кысым кылган деп айтылгандар туура эмес.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий