• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 10 миң пенсионер "тулпарлуу" болду

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бишкекте 10 миң пенсионер автобус жана троллейбустарда жүрүү үчүн "Тулпар" карталарын алышкан. Бул тууралуу мэрияда өткөн "Тулпар" жеңилдик карталарын пенсионерлерге берүү маселесине арналган кеңешмеде "ВРС" компаниясынын өкүлү Самат Базарбаев билдирди.

Ал карталар "Коомдук унааларды электрондук билетке өткөрүү" долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Базарбаевдин айтымында, ал карталарды берген 10 түйүн иштеп жатат. Жума аягына чейин дагы 8 түйүн ачылат.

"Бул жумадан тарта кызыл картаны алуу жеңилдетилди. Эми пенсионерлер тейлөө борборлоруна келип, паспортун жана пенсиялык күбөлүгүн (мөөрүнүн мөөнөтү маанилүү эмес). Кошумча Социалдык фондго мөөр үчүн баруунун кереги жок", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, 1-мартка чейин кызыл карталарды албаган пенсионерлер пенсиялык күбөлүгүн көрсөтүп коомдук унаада акысыз жүрө алышат.

Карталар берилген тейлөө борборлорунун даректери: http://www.meria.kg/ru/post/19834

Пикир

Оставить комментарий