• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-марттан 1-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 29-мартта тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми -апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 2-апрелде тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-4-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий