• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши менен жылуу учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгени үчүн ага ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанда сизди ак ниет дос жана ишенимдүү өнөктөш катары билишет жана баалашат. Сиз менен жана россиялык досторубуз менен жолукканыбызга ар дайым кубанычтабыз. Россия — биздин жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана маанилүү, узак мөөнөттүк стратегиялык өнөктөшүбүз. Россия Федерациясы менен мамилелерибизди дайыма жогору баалайбыз жана барктайбыз. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин эки өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге чыкты», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал өткөн жылы Владимир Путин менен бир нече жолугушуу болгонун, ал эми быйыл экинчи ирет жолугуп жатышкандарын эске салды.

«Ар бир жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет. Биз өлкөбүздүн ЕАЭБ шарттарына ыңгайланышы боюнча Россиянын колдоосун жогору баалайбыз. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги аскерий-техникалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдей беребиз, Кыргызстанга кош келиңиздер», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди жана жакында болгон жолугушууну эске салды.

«Биз анда күндөлүк көйгөйлөр тууралуу сүйлөшкөнбүз, бүгүн биздин ортобуздагы диалогдун уланып жатканы жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Чакан курамдагы жолугушуудан соң, тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий