• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Салам, аскер": Путин Ардактуу кароол менен кыргызча учурашты - видео

Саясат 0


Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп өттү.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди. Путин КРнын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен "Салам, аскер" деп кыргызча учурашты.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик визитин дээрлик 200дөй журналист чагылдырууда. Анын 115и жергиликтүү ММКлар. Россиядан 70 массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү келишкен.

Пикир

Оставить комментарий