• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт: Вице-премьер Жеңиш Разаков – Тажикстандын тыңчысы эмес

Саясат 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жаңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңешинин жыйынында айтылган вице-премьер-министр Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирет.

Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган.

Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген.

Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.

Муну менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

Пикир

Оставить комментарий