• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Түркияда өтүп жаткан III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын 21-февралында Казань шаарында КР президенти Садыр Жапаров менен РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруусун, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий