• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар АКШда өткөн таяк тартыш боюнча мелдеште 4 алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы АКШда өткөн эл аралык "Arnold Classic" турниринде 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Атайбек уулу Келдибек, Мухаммед Али Тохтоматов, Элза Абдикадирова, Азамат Асанов 1-орунду жеңип "алтын чемпион" курун тагынышты. Ал эми Дилбара Иманканова, Акылбек Урунбаев күмүш, Актан Рахматов коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, 29-февраль күнү башталган эл аралык турнир 3-мартта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий