• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байге фонду 540 миң сом. Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара 14-апрель күнү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда болуп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Афганистандан келген жалпы 100дөн ашык спортчу катышат.

Мелдештин жалпы байге фонду 540 миң сомду түзөт.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер арасында (классикалык жана эркин түрү): 60, 70, 80, 90. 100, +100 кг.
Кыз-келиндер арасында (эркин түрү): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш эл аралык “Алыш” бел боо федерациясы жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий