• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектепке 1-класска электрондук каттоо: Республика боюнча 186,2 миң квота бар

Билим 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. 2023-2024 окуу жылына карата республика боюнча 2 миң 95 мектепте жалпы 186 миң 201 квоталык орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде окутуу кыргыз тилиндеги мектептер үчүн – 107 миң 563, окутуу орус тилиндеги мектептер үчүн – 68 миң 670, окутуу өзбек тилиндеги мектептер үчүн – 9 миң 607, окутуу тажик тилиндеги мектептер үчүн – 361 квота.

Шаар, облустар боюнча бөлүнгөн квоталар:

- Бишкек шаары боюнча 97 мектепке 20 миң 875 квота каралган (анын ичинде кыргыз тилиндеги мектептер үчүн - 10 миң 40, орус тилиндеги мектептер үчүн -10 миң 835);

- Ош шаары боюнча 52 мектепке 11 миң 289 квота каралган (кыргыз – 2 миң 325, орус – 7 миң 644, өзбек – 1 миң 320);

- Баткен облусу боюнча 226 мектепке 16 миң 922 квота каралган (кыргыз – 11 миң 714, орус – 3 миң 516, өзбек –1 миң 359, тажик – 333);

- Жалал-Абад облусу боюнча 467 мектепке 36 миң 334 квота каралган (кыргыз – 22 миң 771, орус – 9 миң 958, өзбек – 3 миң 605);

- Талас облусу боюнча 107 мектепке 7 миң 385 квота каралган (кыргыз – 5 миң 913, орус – 1 миң 472);

- Нарын облусу боюнча 141 мектепке 7 миң 851 квота каралган (кыргыз – 5 миң 562, орус – 2 миң 289);

- Чүй облусу боюнча 298 мектепке 30 миң 601 квота каралган (кыргыз – 13 миң 657, орус – 16 миң 944);

- Ысык-Көл облусу боюнча 192 мектепке 14 миң 504 квота каралган ( кыргыз – 9 миң 188, орус – 5 миң 316);

- Ош облусу боюнча 515 мектепке 40 миң 404 квота каралган ( кыргыз – 26 миң 393, орус –10 миң 696, өзбек – 3 миң 323, тажик – 28).

Пикир

Оставить комментарий