• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлигинде KOICA`нын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Билим 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Юн Хёнг Хак жана Ким Сумин жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугу, анын ичинде окуу жайлардын муктаждыктары тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун катышуучулары кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери KOICAнын 62 ыктыярчысы мамлекеттик уюмдарда айыл чарбасын жүргүзүү, бизнести өнүктүрүү, компьютердик долбоорлоо (дизайн), китепкана ишин маалыматташтыруу жана башка багыттар боюнча окутушкан.

Пикир

Оставить комментарий