• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу жок болот

Коом 0

Бишкек, 16.04.24./Кабар/. Бишкекте бүгүн, 16-апрелде айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматынан.

Таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

  • Алыкулов көч. - БЧК - Ала-Арча-р. Л.Толстой көч;
  • Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – БЧК;
  • “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.

Белгилей кетсек, “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий