• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ала-Арча дарыясы муздан тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча дарыясын муздан тазалоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле кызматкерлер борбордун Свердлов жана Биринчи май райондорундагы ачык коллектордук-дренаждык тармактарында кол менен жана механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, адистер сугат системаларын даярдап, "Ынтымак 1" сейил багындагы, ошондой эле Масалиев көчөсүнүн Тынчтык проспектисинен Байтик-Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоматтык сугат системаларын алмаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий