• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы мигранттар санариптик медициналык камсыздандыруу полисин акысыз ала алат. Кантип?

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) санариптик полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, ушу жылы 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала алат.

Ал үчүн Малая Полянка көчөсү, үй №7 б.№5 дареги боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес, ж. б.);
- жеке эсептин камсыздандыруу номери (ЖЭКН- СНИЛЗ) (сөзсүз);
- чет өлкөлүк жарандын келүүсү жөнүндө кабарлоо бланкынын айрыма бөлүгү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси:

- Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга;
- диспансеризациядан жана профилактикалык текшерүүдөн өтүү;
- адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоо.

Пикир

Оставить комментарий