• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын Хорезм облусуна барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Хорезм облусуна жумушчу сапары менен барды.

КР ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында элчи Хорезм облусунун хокими Журабек Рахимов жана Хива шаарынын мэри Темур Давлетов менен жолугушту.

Ошондой эле Муса Жаманбаевдин Хорезм облусу боюнча Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси К.Игамберенов жана Кыргызстан менен түз байланыш түзүүгө кызыкдар болгон өзбек ишкерлери менен жемиштүү жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, текстиль өнөр жайы жана башка тармактарда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча көз караштар менен алмашты. Биргелешкен ишканаларды түзүү менен туризм чөйрөсүндө байланыштарды өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, жаңы туристтик багыттарды жана продуктуларды ачууга, чартердик каттамдарды ачууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн облустары ортосунда боордош байланыштарды түзүү жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир пикирге келишти.

Сапардын алкагында Муса Жаманбаев жергиликтүү кийим тигүү ишканаларга “UzTex group”, “Kobatex fashion”, “Khorezm Tex” барды, ошондой эле “Хазарасп” эркин экономикалык аймактын, “Future industry systems” өнөр жай масштабындагы муздаткыч жана желдетүү жабдууларды, “New best style” экологиялык түшкагаздарды чыгаруучу, “UzAutoMotors” автомобиль заводунун Хорезмдеги филиалынын иши менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунушталган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу тыгыз кызматташууну жолго коюуга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө, тажрыйба жана делегациялар менен алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

2024-жылдын апрель айында өзбекстандык ишкерлер тобунун Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий