• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдеги калыбына келтирүү жумуштарын аяктады

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү.

Мындан сырткары, атайы даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБнин чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөшүштү.

Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип турду. Өрт чыккан ЖЭБнин аймагында изилдөө иштери жүргүзүлүп, Сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн себептери аныкталууда.

"2-9-февраль күндөрү ӨКМден жалпы 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде кызматкерлердин тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары даярдалган. Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түшкөн. Учурда алардын экөө Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканасында дарыланууда.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий