• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №16 китепкананын жаңыланган имараты пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №16 китепкананын жаңыланган имаратынын ачылыш аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, аталган китепкана борбор калаадагы Б.Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясынын эски корпусунда ачылды. Имаратты оңдоо иштерине Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүнүп берилген. Жаңыланган китепканада 18 миңден ашык китеп фонду бар.

Белгилей кетсек, китепкана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен оңдоодон өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий