• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин Баткен өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Лаборатория аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.

"Буга чейин дыйкан фермерлер, ишкерлер экспортко чыгарууну пландаган айыл чарба продукцияларын Ош шаарына алып барып, лабороториядан өткөрүп келишкен. Эми ишкерлер продукцияларын жеринде лабораториялык аныктоо иштерин жүргүзүү менен экспортко сертификат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий