• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз балык уулоону Пристань-Пржевальск шаарчасынын 48 жаштагы А.Р. жана 35 жаштагы Г.И. аттуу тургундары жүргүзүп, торлорун өздөрү жашаган калктуу конуштун көл жээгине коюшкан.

Белгиленгендей, алардан далил зат катары 3 даана синтетикалык балык тору, 9 даана кармалган "Леш" балыгы жана моторлуу кайык алынган.

Ошондой эле Ысык-Көлдүн Николаевский булуңунда мыйзамсыз балык уулап, үйүнө бара жаткан жеринен Түп районунун Тогуз-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну А.А. кармалган. Андан 49 даана "Сиг-Лудога" балыгы алынган.

Эки факт тең аймактык ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналдарына катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматтарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий