• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу кураш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан ХХIV Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 90 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/8 финалдык беттеште мексикалык балбанды утса, 1/4 финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште өзбекстандык спортчуга утулган.

Эскерте кетсек, кураш боюнча ХХIV Дүйнө чемпионаты 23-ноябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий