• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жыл башынан бери жээктерди бекемдөө иштерине 178,3 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Кыргызстанда жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоо үчүн Өөзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджетине "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 198,5 млн сом каражат каралган.

Финансы министрлигинин билдиришкендей, каражатты төмөнкүдөй бөлүштүрүү пландалган:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча) 100 млн сом;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Селсуулардан коргоо” кызматына 98,5 млн сом.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө бул каражаттын 178,3 млн сому бөлүндү, каражат жыл сайын республикалык бюджеттин мыйзамында каралат. Ал эми “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 80 млн сом бөлүндү. Алар:

- Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине 50 млн сом;

- Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы чарбалык көпүрөнүн курулушуна 20 млн сом;

- Кара-Суу районунун Кара-Кысмак участогундагы сел агып чыгуучу каналды калыбына келтирүү иштерине 10 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий