• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Салык кызматы Таласта мыйзамсыз сакталган дизель отунун аныктады

Коом 0


Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, ал болжолдуу түрдө кийин сатуу үчүн сакталган. Табылган дизелдик отундун жалпы көлөмү 2700 литрди түзгөн.

Эсепке алынбаган продукция убактылуу алынып, материалдарды мамлекеттин кирешесине конфискациялоо маселесин чечүү үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Салык кызматы мунай заттарын мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатуу учурларын аныктоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий